Бишкекке Кытайдан алынчу 95 автобустун 20сы келди
- 2 месяца мурун
Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын “Таза шаар” долбоорунун алкагында Бишкекке 21-ноябрда биринчи партия менен 20 автобус алынып келинди.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Мурда айтылгандай, аталган долбоор боюнча, 95 автобус алынып келинмекчи. Калган автобустар жолдо алынып келе жаткандыгы айтылды.
Автобустардын узундугу 12 метр, үч эшиги бар, заманбап талаптарга жооп берери белгиленди.
Буга чейин Бишкек шаарына Кытайдын Yutong компаниясынын ишканасынан чыккан 95 автобус сатып алынганы кабарланган.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




