Борбор шаардын Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылат
- 2 недели мурун
10-июндан 30-июнга чейин Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Суванбердиев жана Скрябин көчөлөрүнүн аралыгындагы бөлүгү убактылуу унаа кыймылына жабылат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу узундугу 60 метрди, диаметри 530 ммди түзгөн магистралдык жылуулук түтүгүн пландан тышкаркы алмаштыруу иштери жүргүзүлөт. Бул жылуулук тармагы 1985-жылдан бери пайдаланылып келет жана колдонуу мөөнөтү бүтүп калган.
Кыймылды чектөө оңдоо иштеринин коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилет.
Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн багытыңызды алдын ала пландап, мүмкүн болушунча жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан