Борбор шаардын Токтоналиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
- 1 год мурун
Эртең, 5-апрелден тартып, Токтоналиев көчөсүндө Абсамат Масалиев проспектисинен тартып «Жаштар кварталы» турак жай комплексине чейинки жол куруу иштеринин 1-этабы башталат. Буга байланыштуу №175 автобус каттамына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет. Каттам А. Масалиев, Бакаев жана Абдрахманов көчөлөрү аркылуу өтүп, «Ынтымак» жана «Калыс- Ордо» конуштары багыты боюнча жүрөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Курулуш иштерин «Технотоп» ЖЧК аткарары белгиленди.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Жол тыгындарын болтурбоо үчүн алдын — ала жол каттамыңызды пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




