Борбор шаардын Курманжан датка көчөсүнүн бир жагы жабылып, автобустун жүрүү кыймылы өзгөрдү  

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 19-июндан тартып, Бишкек шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнүн реабилитация иштерине байланыштуу Салиева көчөсүнөн тартып Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Буга байланыштуу, №34, 48, 100, 101, 104, 51, 175, 8(Т), 71, 146, 169 автобус каттамдарынын жүрүү кыймылы өзгөрдү.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат жана тыгындардан качуу үчүн алдын ала маршрутту пландап, коомдук транспортту пайдаланууга кеңеш берет.

Борбор шаардын Курманжан датка көчөсүнүн бир жагы жабылып, автобустун жүрүү кыймылы өзгөрдү  

Схема: Бишкек мэриясы

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты