Борбор шаардын Куланак көчөсүндө жол куруу иштери аяктады

  • 1 месяц мурун

Борбор шаардагы Куланак көчөсүндө курулуш иштери аяктап, 9-октябрда расмий түрдө транспорт кыймылына жол ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, 7-апрель көчөсүнөн Көк-Жаңгак көчөсүнө чейин созулган жаңы жолдун узундугу 833 метр, туурасы 8 метр.

Курулуш иштеринин жүрүшүндө жолду асфальттоо, тротуар салуу, жолдун эки тарабына ирригациялык система орнотуу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жол белгилери орнотулуп, жол чийиндери түшүрүлдү.

Куланак көчөсүнүн курулушу 2025-жылдын июль айында башталган. Бул долбоор транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, унаа тыгындарын азайтууга  багытталган.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты