Борбор шаардын Фрунзе жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилиш жолу убактылуу жабылат
- 11 месяцев мурун
Бишкекте 30-июлдан 6-августка чейин Фрунзе көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги жол убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Бул жолдо жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлөт. Иштер Фрунзе көчөсүнүн Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Касым Тыныстанов көчөсүнө чейинки аралыгында (узундугу 1600 метр) пландалган жана анын алкагында түтүктөрдүн диаметри 700 ммден 900 ммге алмаштырылат.
Бул жылуулук түтүк тармагы 1971-жылдан бери (54 жыл) колдонулуп келет жана эксплуатациялык мөөнөтү толук бүтүп, чукул алмаштырууну талап кылууда.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундары менен конокторунан убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана каттамдарды алдын ала пландап алууну сунуштайт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




