Борбор шаардын Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

  • 11 месяцев мурун

Бишкекте 6-сентябрдан тартып Дэн Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки түндүк тарабы капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Аталган тилкенин түштүк тарабы унаалар үчүн эки тараптуу уюштурулат.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган абалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.

Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты