Борбор шаардын үч конушунда суу убактылуу токтотулат

  • 2 месяца мурун

Бишкектин “Ак-Жар”, “Ак бата”, “Келечек” конуштарында 27-февралда саат 09:00-17:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Ичүүчү суу «Ак-Жар», «Ак-Бата» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкек суу канал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты