Борбор шаардагы Жукеев-Пудовкин көчөсүндө көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылды
- 4 недели мурун
Бишкек шаарында 245 унаага ылайыкташтырылган көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылды.
Иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү жетекчилер катышты.
Долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы менен ишке ашырылды. Унаа токтотуучу жайдын жалпы аянты 11 миң чарчы метрден ашат. Унаа токтотуучу жай жер төлө жана жер үстүндөгү беш кабаттан турат.
Имараттын чатырында спорттук инфраструктурасы бар пайдаланууга ылайыкталган аймак жайгашкан. Анда коопсуз жабдуусу бар үч теннис корту курулган.
Имараттын фасады заманбап темир панелдерди колдонуу менен курулган жана светодиоддук экран менен толукталып, заманбап архитектуралык көрүнүштү түзөт.
Долбоордун алкагында жанаша жайгашкан аймакты комплекстүү жакшыртуу иштери аяктады. Ошондой эле подъезд жолдорунун асфальты жаңыртылды, тротуарлар оңдолду, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү балдар аянтчасы жана коомдук транспорт аялдамасы реконструкцияланды.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




