Борбор шаарда капиталдык оңдоого байланыштуу бир нече көчө жабылат

  • 2 месяца мурун

Бишкекте капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу 18-майдан тартып бир нече көчө жабылат.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматта төмөнкү көчөлөр жабылары айтылды:

— Байтик Баатыр көчөсү — А.Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин;

— И. Ахунбаев көчөсү — Манас проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин.

Ага ылайык, Байтик Баатыр көчөсү А.Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми И. Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин, бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.

Белгилей кетсек, аталган көчөлөрдө капиталдык оңдоо акыркы ирет 2001-2003-жылдары жүргүзүлгөн.

Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмары, бордюр жаңыртылып, айрым тилкелер кеңейтилет. Жолдун үстүнкү катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт.

Ошондой эле, быйылкы жылы мындан башка дагы төрт көчөдө капиталдык оңдоо жүрөрү да белгиленди.

Ал көчөлөр:

— Чүй проспектиси — Манас проспектисинен Т. Айтматов көчөсүнө чейин;

— М. Горький көчөсү — Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;

— Б. Юнусалиев көчөсү — Сухе-Батор көчөсүнөн М. Горький көчөсүнө чейин;

— Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтөт жана кеңейтилет.

Бишкек шаарынын мэриясы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан маршрутту алдын-ала пландап алууну өтүнөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты