Борбор шаардын айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
- 1 неделя мурун
Эртең, 4-декабрда, саат 10:00дөн 24:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик багытындагы жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суунун берилиши убактылуу токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Селекция көчөсү – Муромский көчөсү – Биримдик көчөсү – Жайыл Баатыр көчөсү.
Суунун убактылуу токтотулушу — суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

«Бишкек суу канал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




