Борбор шаарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
- 2 месяца мурун
Бишкекте 30-сентябрда саат 09:00дөн 15:00гө чейин ичүүчү суунун берилиши убактылуу токтотулат. Суу бир катар турак жайлар, мектептер, мектепке чейинки балдар мекемелери, саламаттык сактоо жайлары, социалдык-тиричилик жана өнөр жай объектилерине берилбейт.
Суу өчүрүлүүчү аймак Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү – темир жол линиясына туура келет.
Суу Тоголок Молдо суу алуу жайында жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлүүчү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.
Муну бөлүшүү




