Боом капчыгайында жол ачык

Учурда Боом капчыгайындагы жол толугу менен ачык.

Кечээ, 5-августта, саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суулары Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 136-чакырымында сел суулар жолду кум-шагылга толтурган..

Тазалоо иш-аракетинин натыйжасында саат 20:23тө жол толук тазаланып, эки тарабы бирдей ачылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ӨКМ. Кечээ.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты