Бюллетендин 67,60%ы колго саналып бүттү
- 3 года мурун
2-декабрь саат 14:55ке карата парламенттик шайлоодогу бюллетендердин 67,60 пайызы кол менен саналып бүттү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системасы көрсөткөндөй, аймактык шайлоо комиссияларынын саны 2494, АШКга 1686 протокол түшкөн, Шайлоочулардын жалпы саны 3 703 420, шайлагандардын саны 799 294 же 21,58%.
Кол менен эсептөөдө 7 партия алдыда келе жатат. Алар: “Ата журт-Кыргызстан”-, Ынтымак” , “Ишеним”, “Ыйман нуру” “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан, “Эл үмүтү” саясий партиялары алдыда келе жатат.
Ал эми калган партиялар 5% чекке жете элек.
28-ноябрда саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түшүп, сайтына жарыяланган. Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өткөн болчу. Бирок кийин ал жокко чыгарылды.
Автоматташтырылган системасынын эсептөөсү боюнча алдын-ала жыйынтыгы жарыяланган. 5 саясий партия алдыга чыкты деп эсептелген. Ал эми бир мандаттуу округдардан 36 талапкер өткөндүгү жарыяланды.
«Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылаарын айтып чыгышты.
29-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдына тынч митингге чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты.