Бизнести валюта тобокелчилигинен кантип коргоо керек? Юристтен кеңеш

Кыргызстанда Украинадагы акыркы кырдаалга байланыштуу валюта курсу туруктуу болбой жатат. Акыркы бир канча күндө эле доллардын жана евронун куну 10%га жогорулады.

Геосаясий окуяларга байланыштуу мамлекеттик органдар кырдаалды турукташтыруу үчүн ар кандай аракеттерди көрүүдө. Мындай аракеттер соода-сатык жаатындагы укуктук мамилелерге дагы таасир этет. Юрист Фатима Якупбаева бизнести валюта тобокелдиктеринен коргоочу айрым аспекттерди карап чыгууну сунуштайт.

Насыялар жана төлөмдөр

Улуттук банк эсептик ченди 10%га чейин көтөрдү. Бул займ/насыя/төлөө мөөнөтүнүн жылдырылышы берилген сумманын 10%ынан аз эмес болушу керек дегенди билдирет.

Антпесе материалдык пайда үчүн салык келип чыгат. Бул пайда займ/төлөө мөөнөтүнүн жылдырылышындагы пайыз менен Улуттук банктык эсептик ченинин ортосундагы позитивдүү айырмадан келип чыгат.

Мисалы, 4%дык чен менен рассрочкага товар саттыңыз дейли. 

10%-4%=6%. Бул 10%дык салыкты төлөш керек болгон материалдык пайда. 

А эгер 12% менен компанияга займ берген болсоңуз, 10%-12%=-2%, бул учурда позитивдүү айырма жок. Демек, салык төлөөгө дагы муктаждык жок.

Чет элдик валютанын курсун бекитүү үчүн келишимдерге кошумча макулдашууларды бекитүү

Антпесе эсептер төлөм аткарылчу күндөгү Улуттук банктын курсу боюнча жүргүзүлүшү керек болот. 

Дагы бир вариант: келишимге “2022 жылдын _ күнүнөн тартып эсептер Тараптар арасында … тарифке ылайык улуттук валюта менен гана жүргүзүлөт” деп киргизсе болот.

Кошумча макулдашуунун шаблонун бул жерден таба аласыз.

Макулдашуулар

Товар/кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн же чыгашанын ордун толтуруунун ыкмасын өзгөртүү жөнүндө макулдашууну талкуулап, жазуу түрүндө бекитип алуу керек. 

Мисалы: төлөм Х валютасында жана X мезгилдин жыйынтыгы боюнча бардык чыгашаларды жана тастыктоочу документтерди эсепке алуу менен жүргүзүлөт.

Келишимдик курс

Соода-сатыкта улуттук валютанын кунунун түшүүсүнөн экспортерлер гана пайда көрүшөт. Ал эми импортерлер жабыр тартышат. Ошондуктан көпчүлүк учурда товарга болгон баа өсөт. Ошол себептүү эсептерди келишимдик курска, улуттук валютага өзгөртүүнү же бартердик ыкмага которууну (бартердин баасын көрсөтүү менен) сунуштайм.

Булак: Economist.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты