Кыргызстанда чакан жана орто ишкерлерди колдоо консорциуму түзүлдү

  • 4 месяца мурун

Садыр Жапаров чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциумун түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Жарлык мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын, билим берүү мекемелеринин жана эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракеттерин консолидациялоо, ишкердикти колдоо саясатынын натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда аталган консорциумдун катчылыгы болуп аныкталат.

Аталган консорциумдун уюштуруучулар кеңеши чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана артыкчылыктарын түзөт. Анын чечимдери консорциумдун катышуучулары жана мамлекеттик органдар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат;

Экономика жана коммерция министрлиги чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Экономика жана коммерция министрлиги консорциумдун катышуучуларынын ишин координациялоону жана анын чечимдеринин аткарылышына мониторингди жүргүзмөкчү.

Жарлык расмий жарыялангандан тартып, он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты