Бишкектин вице-мэри коррупциялык схема уюштурууга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын вице-мэри У. А.С. өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы турганда, жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схеманы уюштурууга шектелүүдө.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Каракеев атындагы орто мектептин курулушун каржылоодо У.А.С. мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алып, Г.П.С. ЖЧКсынын кызыкчылыгын бир нече жолу колдогону аныкталды.

Тендердик мыйзамдардын талаптары жана курулуш нормалары бузулуп, натыйжада объектини жасалма ишке киргизүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилген.

Тактап айтканда мектептин иш жүзүндө, жер төлөөсү, ашкана, спорт залынын курулушу бүтпөй, имараттын фасады толук жабдылган эмес, айланасы жашылдандырылган эмес, коопсуздук системасы, электр менен камсыздоо иштери бүткөрүлгөн эмес.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын вице-мэри У.А.С., «Г.П.С.» ЖЧКнын башкы директору Т.Г.Т. жана мамкурулуш турак жай жана жарандык курулуш башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы А.Э.Ж. кармалып, УКМКнын убактылуу абак жайына киргизилгени айтылды.

УКМК кармалган вице-мэрдин атын-жөнүн У.А. С. деп кыскартып берген, ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Азат Сапарбаевич Узаков болуп эсептелет. Узаков жер маселелерин, шаар куруу жана архитектураны көзөмөлдөйт. Ал мындай алты ай мурун вице-мэрлик кызматка дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты