Бишкектин “Учкун” кичирайонунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду
- 3 недели мурун
Түтүктөгү жараканы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын «Учкун» кичирайонунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду.
Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жылуулук берүү төмөнкү даректер боюнча токтотулат: Учкун кичирайону, үйлөр: 8/2, 9, 8, 12, 11, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24а, 24б; Уч-Тулга көчөсү, 15, 54, 49; Казан Булак көчөсү, 10; Ауэзов көчөсү, 6/1, 6/2, 8, 6;Сатыбалдиев көчөсү, 97.
25-ноябрда саат болжол менен 18:00 чейин калыбына келтирүү пландалууда.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү