Бишкектин Осмонкул көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери уланууда

  • 1 месяц мурун

«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасы Осмонкул көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин улантууда.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.  

Оңдолуп жаткан тилкенин жалпы узундугу 1 400 метрди, туурасы 9 метрди түзөт.

Долбоордун алкагында жол инфраструктурасын комплекстүү жаңылоо каралган. Көчөнүн эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана жаан-чачын менен кардын эриген сууларын натыйжалуу агызууга мүмкүндүк берүүчү суу өткөрүүчү арыктар курулат.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты