Бишкектин “Мурас-Ордо” конушунда сейил бак ачылды

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун “Мурас-Ордо” конушунда сейил бак ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, ачылышка мэрдин орун басары Азамат Кадыров, райондун башчысы Улан Сарылбек уулу, капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Эрмек Арымбаев, жергиликтүү тургундар катышты.

Аянты 1,12 гектар болгон сейил бактын курулушун Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзгөн.

Анда жөө адамдар үчүн жолдор, кичи футбол аянтчасы, балдар аянтчасы, спорт аянтчасы, жайкы сахна, арена, гүлзарлар каралган. Аймак көрктөндүрүлүп, скважина бургуланып, автоматтык сугат системасы, жарыктандыруулар орнотулду. Кидеокөзөмөл камералары бар.

Долбоор «Билдинг центр Вертекс» ЖЧКсы тарабынан иштелип чыгып, тендердин жыйынтыгында башкы подрядчик катары «Би Эм Ассист» ЖЧКсы тандалган.

Сейил бактын ачылышы “Мурас-Ордо конушунун” 20 жылдык мааракесине туш келди. Шаар тургундары жана коноктору үчүн Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Динара Акулова, Алтынай Нарбаева, Кайрат Примбердиев жана «Семетей» ансамблинин катышуусунда майрамдык концерт тартууланды. Жаштар арасында футбол, аркан тартыш, элдик оюндар сыяктуу спорттук мелдештер уюштурулду.

Бишкектин “Мурас-Ордо” конушунда сейил бак ачылды
Бишкектин “Мурас-Ордо” конушунда сейил бак ачылды
Бишкектин “Мурас-Ордо” конушунда сейил бак ачылды
Бишкектин “Мурас-Ордо” конушунда сейил бак ачылды

Сүрөттөр: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты