Бишкектин Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат
- 2 недели мурун
1-июлдан тартып унаа каражаттарынын кыймылы үчүн Магистраль көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн Манас айылы көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Жол кыймылына киргизилип жаткан убактылуу чектөө аталган тилкеде курулуш жана реконструкция иштеринин башталышына байланыштуу.

Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт департаменти айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү айланып өтүүчү жолдорду пайдаланууну сунуштайт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




