Бишкектин Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши убактылуу жабылат

  • 1 месяц мурун

Бишкекте 20-июлдан тартып Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде жаңы транспорттук түйүн жана көпүрөнү куруунун экинчи этабын куруунун алкагында, аталган кесилиш бардык транспорт түрлөрү үчүн убактылуу жабылат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.  

Долбоордун биринчи этабынын алкагында Бакаев көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки тилкеси ачылган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти жүрүү багыттарды алдын ала пландаштырууну жана мүмкүн болушунча айланма жолдорду пайдаланууга чакырат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты