Бишкектин Ленин райондук ИИБ тергөөчүсү жана прокурордун жардамчысы кармалды
- 4 недели мурун
2025-жылдын 7-июнунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук укук коргоо органдарынын кызматкерлери акча опузалоого шектелип кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү Г.Н.А., райондук прокурордун жардамчысы Т.Ч.И. менен сүйлөшүп алып, кылмыш иши боюнча маселени оң чечкендиги үчүн жарандан 4000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап алган.
Алар акча каражаттарын өткөрүп берүү учурунда кармалган. Тактап айтканда, тергөөчү аталган сумманы прокурордун жардамчысына өткөрүп берген, андан кийин экөө тең ыкчам кызматтар тарабынан дароо кармалган.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү