Бишкектин экс-вице-мэри ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелүүдө
- 1 месяц мурун
Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысына шектелип, М.А. аттуу жаран кармалды.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИИБ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан “МД-И” компаниясынан “М”компаниясынын директору А.М. га чара көрүү боюнча арыз түшкөн. Арызда М.А. ишенимге кирип, Лебединовка айылынын аймагында соода-логистикалык борбордун жол иштерин жасап берүү үчүн 90 млн сомдук мүлктү алгандыгы айтылат. 2024-жылдын июнь айында бул факты боюнча кылмыш кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө, М.А. иш милдеттенмесине байланыштуу деп, жабыркаган тараптан кыймылсыз мүлк, автотранспорт жана башка мүлк активдерин алган, бирок кийин аларды өзүнүн кызыкчылыгы үчүн сатып жибергендиги аныкталган.
2025-жылдын 15-майында тергөө иштери кайрадан улантылган. Шектүү, 1976-жылы туулган М.А. кармалып, Бишкек шаарынын убактылуу камак жайына киргизилген.

А.М. аттуу жаран Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров экендиги ЖМКда маалымдалды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: Чүй облустук ИИБ басма сөз кызматы