Бишкектин Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарында эртең, 13-марттан тартып, Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Буга байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорт кыймылы убактылуу жабылат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган.

Блегиленгендей, жүргүзүлүп жаткан иштер жол тармагын  жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жана жол инфраструктурасын жаңылоого багытталган.

Мэрия жол оңдоо иштерине байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты