Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинин бир бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн жабылат

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 29-июлдан тартып Чыңгыз Айтматов проспектиси Апсамат Масалиев проспектисинен Иса Ахунбаев көчөсүнө чейин реконструкция иштерин жүргүзүү үчүн жарым-жартылай жабылат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Бордюры жана арыкты демонтаждоо иштери жүргүзүлөт,  бул мезгилде жол кыймыл  үчүн ачык болот. Ал эми асфальт  алынып, жаңы катмар төшөлөөрдө унаа кыймылы үчүн  толук  жабылат.

Аталган тилке эки айга жабылат.

Буга байланыштуу №8 жана №55 автобустук каттамдардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөрөт. Чыңгыз Айтматов проспектисинде каттам саат 22:00дөн 05:00гө чейин тыюу салынган. Бул учурда унаалар Масалиев проспектиси менен Садырбаев көчөсүнө багытталган.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландап, тыгындарды болтурбоо үчүн жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту колдонууну өтүнөт.

№55 автобустун схемасы

№8 автобустун схемасы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты