Бишкектин борбордук көчөлөрүндө адамды жүзүнөн тааныган камералар орнотулууда

  • 12 месяцев мурун

Шаар тургундарынын коопсуздугун жана тартипти сактоо үчүн Биринчи май районунда видеокөзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акимчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Эркиндик бульварынын төрт жагынан кесилиши, Чүй проспектиси, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрү атайын жабдуулар менен жабдылып, жакында жүздү тааныган дагы 4 камера орнотулат.

Кесилиштерде орнотулган камералар күнү-түнү иштейт.

Мындан тышкары соода-сатык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталат.

Биринчи май районунун аймагына жүзүн таануучу жана аралыктан кол менен башкаруу мүмкүнчүлүгү бар 50дөн ашык камералар орнотулат.

Буга чейин Бишкек шаарында адамды жүзүнөн таануучу 100 видео камера орнотулаары айтылган.

Сүрөт: Акимчиликтин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты