Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүнүн бир бөлүгү бир айга жабылат

  • 2 недели мурун

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы борбор шаардын тургундарына жана конокторуна 4-майдан 5-июнга чейин Бөкөнбаев көчөсүнүн Шопоков көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыларын маалымдайт.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Авариялык-калыбына келтирүү иштеринин алкагында жылуулук тармагынын түтүктөрү алмаштырылат.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында жолдун жүрүүчү бөлүгүн толугу менен жабуу чечими кабыл алынды.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат жана киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен жол жүрүү каттамдарын алдын ала пландаштырууну сунуштайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты