Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат
- 7 месяцев мурун
Бишкек шаарында эртең, 29-октябрда, саат 08:00дөн 24:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо объектилеринде жана башка социалдык-тиричилик багытындагы объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Эртең, 29-октябрда, саат 08:00дөн 24:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо объектилеринде жана башка социалдык-тиричилик багытындагы объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Өчүрүү аймагы: Достук конушу – ЖЭБ-2 – Ынтымак көчөсү – Көк-Асаба көчөсү – Көк-Жайык көчөсү – Иса Ахунбаев көчөсү – Барпы Алыкулов көчөсү – Өмүр көчөсү – Муромский көчөсү – Селекция көчөсү – Күнтуу унаа жолу.
Суу Күнтуу трассасындагы суу алгычтагы аварияны жоюу, калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат,
«Бишкек суу канал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме уюмдарды жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




