Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт

  • 6 месяцев мурун

25-декабрда саат 10:00дөн 18:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген:

-Турусбеков  көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
-Жибек Жолу, Дзержинский,  Баялинов  көчөлөрү  Ала-Арча дарыясына чейин жана Жибек Жолу проспектиси.

Суу Күрөңкеев  көчөсүндөгү суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкек суу канал» мамлекеттик ишканасы ыңгайсыздык келтиргендиги үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан, тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты