Бишкектин айрым жерлеринде 9-апрелде убактылуу суу болбойт

  • 4 недели мурун

Бишкектин айрым райондорунда 9-апрелде таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Убактылуу өчүрүү аймагына төмөнкү көчөлөр  кирет:  М.Фрунзе көчөсү, Манас, Жибек-Жолу проспекттери,  Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү.

Саат 9:00дөн 23:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.

Суу Белинский суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө  байланыштуу өчүрүлөрү белгиленди.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты