Бишкектин айрым жерлеринде 5-июнда убактылуу суу болбойт

  • 2 месяца мурун

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы шаардын суу түтүктөрүн оңдоо иштерин пландоодо.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган иштердин алкагында 5-июнда саат 9:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Байтик Баатыр-Элебаев — Кулатов көчөлөрү, Геология чолок көчөсү — Л.Толстой — Жукеев Пудовкин (Горький көчөсүнөн төмөн) — Матросов – Ибраимов көчөлөрү менен чектешкен жерде суу берүү өчүрүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты