Бишкектин айрым райондорунда убактылуу суу өчүрүлөт

  • 3 месяца мурун

Бишкекте, эртең, 19-мартта, саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы: Ахунбаев көчөсү — Абай көчөсү — Сүйөркулов көчөсү — Байтик Баатыр көчөсү — Саманчин көчөсү — Масалиев проспектиси — Малдыбаев көчөсү

Д-300мм суу түтүгүн чыгаруу иштерин жүргүзүүгө  байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкек суу канал» мамлекеттик ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.

Бишкектин айрым райондорунда убактылуу суу өчүрүлөт

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты