Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

  • 1 месяц мурун

9-декабрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бу тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Өчүрүү Ахунбаев көчөсү, Бакаев көчөсү, Циолковский көчөсү, Псковскөчөсү жана Леваневский көчөсү менен чектешет.

Суу берүүнүн убактылуу токтотулушу — магистралдык суу түтүгүндөгү авариялык оңдоо иштерине байланыштуу.

«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы  ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты