Бишкектин айрым райондорунда 14-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
- 9 месяцев мурун
Бишкек шаарында 14-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, балдар бакчаларына, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешкен:
1-квадрат: Алыкулов көчөсү – Кустанай көчөсү – Муромский көчөсү – Садыгалиев көчөсү – Толстой көчөсү – Coca-Cola району;
2-квадрат: Садыгалиев көчөсү – ДенСяопин проспектиси – Лумумба көчөсү – Волков көчөсү – Кустанай көчөс,ү андан ары Алимжан-Ата көчөсү – ЧЧК – Ленский көчөсү – Космонавтар көчөсү – Коммунаров көчөсү – ЧЧК – Ала-Арча дарыясы – Рыскулов көчөсү – Ден Сяопин проспектиси – Пишпек көчөсү – Жамгырчинов көчөсү – Кайназарова көчөсү – Гатчинский чолок көчөсү – Лумумба көчөсү – Жамгырчинов көчөсү менен Садыгалиев көчөсүнө чейин;
3-квадрат: «Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер», 110-квартал конушу, «Достук» кичи району.
Суу «Батыш» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү токтотулат.

“Бишкек суу канал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Схема: bishkek.gov.kg




