Бишкектин айрым конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт

  • 1 год мурун

25-мартта Бишкекте, айрым турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу саат 9.00дөн 24:00 гө чейин берүү токтотулат.

Өчүрүү району: Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия көчөсү, ЧЧК, Саадаев көчөсү.

Ошондой эле: «Красный Строитель», «Ак — Тилек», «Көлмө», «Алтын Бешик»  «Салам Алик» конуштары.

«Түндүк-Северный» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу убактылуу токтотулат.

«Бишкек суу канал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Бул тууралуу Бишкек эмриясы билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты