Бишкектин айрым бөлүктөрүндө эртең суу убактылуу өчүрүлөт

  • 2 месяца мурун

Эртең,  16-апрелде, саат 09:00дөн 22:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык -тиричилик объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Өчүрүлө турган аймактар: Лермонтов көчөсү — темир жол линиясы – Аламүдүн суусу – Чүй проспектиси – Аламүдүн суусунан Жибек-Жолу проспектисине чейин, Жибек-Жолу проспекти – Никитин чолок көчөсү, Абдрахманов көчөсүнөн  Тыныстанов көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсү Булгаары заводуна чейин, Аламүдүн суусу менен түштүккө карай Чоң Чүй каналына чейин, андан чыгышка карай Бакай-Ата жаңы конушуна, Лебединовка айылына – Калинин көчөсү, Лермонтов көчөсү аркылуу БЧКга чейин.

Суу берүү «ККСК» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты