Бишкектин айрым бөлүктөрүндө 22-апрелде убактылуу суу токтотулат
- 4 недели мурун
22-апрелде борбор шаардын айрым бөлүктөрүндө убактылуу суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
22-апрелде саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Өчүрүлө турган аймактар: «Туңгуч» кичи району, «Рухий мурас», «44 га»,» Кырман», «50 га» конуштары.
Өчүрүү «Сельский» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдарды, ошондой эле калкты алдын ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.
«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирүүлөрдү алып турсаңыз болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




