Бишкектин айрым бөлүгүндө убактылуу суу өчүрүлөт

  • 3 месяца мурун

Бишкек шаарында 4-июнда саат 09:00дөн 00:00гө чейин турак жай, мектеп, мектепке чейинки билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Өчүрүү аймагы: Ала-Арча суусу — Байтик баатыр көчөсүнөн — Түштүк Чоң Чүй каналына чейинки аймак; Ала- Арча 3 конушунда.

Суу берүүнү токтотуу авариялык-издөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу.

«Бишкек суук канал» ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, шаар тургундарын алдын ала  ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты