Бишкектин Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат
- 4 недели мурун
Бишкек шаарында жол оңдоо иштерине байланыштуу Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде автотранспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу токтотулат.
Бул убактылуу чектөө 17-июндан 18-июнга чейин күчүндө болот.
Мэрия шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, жүрүү багытыңыздарды алдын ала пландаштырууну жана айланма жолдорду пайдаланууну өтүнөбүз.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




