Бишкектен Таиландга түз каттам ачылды
- 2 месяца мурун
«Манас» эл аралык аэропорту» ишканасы 5-декабрда Бишкектен Таиландга түз каттам ачылганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Aero Nomad авиакомпаниясы Compass туроператору менен биргеликте Бишкектен Пхукетке алгачкы түз каттамды ачкан.
«Бирок бул башталышы гана! Маршруттук түйүндү кеңейтүүнүн алкагында 26-декабрдан тарта эстен кеткис ажайып окуялар үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берген “Бишкек – Фукуока” жаңы каттамы башталат»,- деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: «Манас» эл аралык аэропортунун» басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү