Бишкектен Нур-Султан шаарына авиакаттам жандандырылат
- 1 year мурун
«Манас» эл аралык аэропорту» 17-ноябрдан баштап Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан багыты боюнча авиакаттамдарды жандандырат.
Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Авиакаттамды «Эйр Астана» авиакомпаниясы жумасына эки жолу, шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарат. Ал эми 3-декабрдан тартып аталган каттамдар жумасына 4 жолу дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү уча баштайт. Учуу убактысы – 1 саат 50 мүнөттү түзөт.
Каттам пандемияга байланыштуу 2020-жылдын башында токтотулган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү