Бишкектеги лифттерди алмаштырууга каражат бөлүү керек. ЖК комитетинде сунуш берилди
- 3 недели мурун
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 974 лифт бар, алардын ичинен 547си максималдуу 25 жылдык иштөө мөөнөтүн иштеп чыккан.
Бул тууралуу 20-январда Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Бишкек шаарындагы лифт чарбасынын учурдагы абалы жана аны жакшыртуу жолдору тууралуу маалымат угуу учурунда айтылды.
Аталган маселе боюнча депутат Жумабек Салымбеков жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү маалымат беришти.
Бүгүнкү күнгө чейин 220 жаңы лифт орнотулду.
Депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарынын лифт чарбасын жаңылоого каражат бөлүү керектигин белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында комитет тиешелүү мамлекеттик органдарга эски лифттерди алмаштыруу үчүн насыя берүү жаатында бир катар тапшырмаларды берди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан