Бишкектеги №1 гимназия боюнча митинг: Мэрия өз жообун берди

Бүгүн, 17-апрелде, Бишкекте Горький атындагы скверде №1 гимназиянын мугалимдери, окуучулары жана окуучулардын ата-энелери директор Юрий Низовскийдин кызматтан алынышы жана гимназияны башка гимназияга кошуу аракетине каршы митинг өткөрүштү.

Бишкек шаарынын мэриясы буга түшүндүрмө берди:   

-Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти тарабынан ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, №1 гимназия-интернатынын ишине текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө тамак-ашты уюштурууда одоно тартип бузуулар, кадрдык жана уюштуруу ишинде бирдиктүү мамиленин жоктугу аныкталган.

Комиссия педагогикалык жамааттан, Бишкек шаарынын прокуратурасынан, шаардык кеңештин депутаттарынан гимназия-интернаттын ишиндеги мыйзам бузуулар боюнча кайрылуунун негизинде түзүлгөн.

Шаардык интернат тибиндеги мектептерде балдардын жашоосу жана окуусу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу, окуучуларды усулдук жана социалдык жактан коштоонун бирдиктүү формасын түзүү максатында, №1 мектеп-интернатты Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернатка кошуу жолу менен «Тоголок Молдо атындагы Бишкек мектеп-комплекси» аталышы менен кайра уюштуруу чечими кабыл алынган.

Азыркы учурда «Бишкек мектеп-комплексинин» мугалимдери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө жана кызматкерлердин жашаган жерин же кызматына жараша башка каалоолорун эске алуу менен Бишкек шаарынын мектептеринде башка иш орду сунушталууда.

Мурдагы директор Н.С. Матканова эмгек кодексинин 83-беренеси боюнча бир нече жолу одоно тартип бузуулар менен иштен бошотулган, ошол эле учурда ал документтерди тапшыруудан, ошондой эле кабинеттен баш тарткан жана директордун милдетин аткаруучунун ишине тоскоолдук кылган, -деп билдирди Бишкек шаардык мэриясынан.

Эске салсак, буга чейин шаардык кызматтар №1 гимназия-интернатынын аймагындагы муниципалдык эки кабаттуу жайды өз билемдик менен басып алган адамдарды (мурдагы жетекчиликти) көчүрүү боюнча иштерди жүргүзүшкөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты