Бишкекте жылынуучу жайлар уюштурулду  

  • 1 год мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкек шаарынын мэриясы менен бирге борбор шаарда 9 чатыр тигип, учурдагы суук күндөрү жылынып алууга шарт түздү.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Свердлов, Ленин райондорунда 3төн, Биринчи май районунда — 1 жана Октябрь районунда 2 чатыр тигилди. Аталган пункттарда кеч калган шаардыктар жана меймандар жылынып, ысык чай иче алышат.

Ошндой эле Ош-Бишкек автоунаа жолунун «Арал» постунда 2018-жылдан тартып жылытуу пункттары ачылып, учурда иштеп келет.

11-13-январда Кыргызстанда суук күчүнө кирери маалымдалган. 12-13-январда абанын температурасы дагы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -14…-19° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -9…-14° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -17…-22° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -22…-27°, күндүз -15…-20° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -23…-28° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -23…-28° суук болушу күтүлөт.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты