Бишкекте ЖЭБден жылына 60 миң тонна кургак күл сатуу боюнча келишим түзүлдү
- 11 месяцев мурун
Бишкек шаарында «Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасы менен «Констант Солюшенс ЛЛС» компаниясынын ортосунда кургак күл сатуу боюнча эки тараптуу келишимге 15-августта кол коюлду.
Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, мындай келишим акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу түзүлүп жатат. Бул келишим ишкананын чыгымдарын кыскартууга, кошумча каражат тартууга жана күлдү азайтууга мүмкүндүк берет.
Келишим аукциондун жыйынтыгында 5 жылдык мөөнөткө түзүлүп, 1 тонна кургак күлдүн баасы 2 509 сомду түздү. Жылына орто эсеп менен 60 000 тонна күл чыгат. Ал эми 5 жылда бул көлөм 300 миң тоннадан ашат.
Муну бөлүшүү




