Бишкекте жашыруун сойкукананын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

  • 3 месяца мурун

15-августта Бишкек шаарынын Осмонкул көчөсүндөгү  №9 даректе жайгашкан «Восток» конок үйүндө мыйзамсыз ишаракеттерге бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ал жерде мейманкананын атына жамынып алып, акыркы беш жылдан бери интимдик кызматтар көрсөтүлүп келген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык нормалардын жана гигиеналык тазалыктын сакталбагандыгы аныкталган. Мындан тышкары кээ бир коноктордун жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн психотроптук заттарды колдонгондугу боюнча маалыматтар алынган. Учурда бул фактылар тыкыр текшерилүүдө.

Иш-чаранын жыйынтыгында интимдик кызмат көрсөткөн төмөнкү адамдар кармалган:

А.к.А. 1998-жылы туулган, Т.к.А. 2005-жылы туулган, А.к.Г. 2003-жылы туулган, Ч.В.И. 1999-жылы туулган, Г.А.Д. 1997-жылы туулган, А.З.О. 1995-жылы туулган. Аларды административдик жазага тартуу үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына (ИИБ) өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары мекеменин администраторлору: Я.А.И. жана К.Э.Р.. аныкталып, аларга тергөө иши жүрүп жатат.

16-августта аталган мыйзамсыз ишмердүүлүктүн уюштуруучусу, интимдик кызмат көрсөтүү үчүн системалуу түрдө шарттарды түзүп, бул иш-аракетинен киреше алып келген Жумабеков Канатбек (1978-жылы туулган) кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 Ошондой эле, «Восток» конок үйүнүн ээси 1976-ж.т. О.З.К. аттуу жарандын жоопкерчилиги каралууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты