Бишкекте жашыл аянтча пайда болду

Бишкекте Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан көркөм сүрөт галереясынын жанындагы жаңы ландшафттык аянт өзгөчө кооздолду

Жаңы жашыл аянтка жаныбарлардын бетон жана жыгач фигуралары менен кооздолуп, шаркыратма орнотулду.

Багбандар өз колдору менен таштардан шаркыратма, көлмө тармагын курушту. Кооз шаркыратманы жашыл өсүмдүктөр, гүлдөр жана декоративдик таштардан оймолор курчап турат.

Өсүмдүктөр боюнча ишкананын жашылдандыруу боюнча чеберлери ар бир гүлзарга карагай, арча, барбарис, бак-дарактарды отургузушту жана бир жылдык гүлдөрдүн ар кандай сортторун кошушту.

Ал эми борбор калаанын башкы аянтындагы Эл достугу скверинде кызматкерлер арчадан, тоо карагайларынан жана бонсайдан дагы кооз оймо жасашты.

Аллеяны жасоого ишкананын кызматкерлерине эки жума жана Биринчи Май районундагы 8 кызматкер эмгектенди.

Бишкекте жашыл аянтча пайда болду
Бишкекте жашыл аянтча пайда болду
Бишкекте жашыл аянтча пайда болду
Сүрөттөр: Мэриянын басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты