Бишкекте Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү жабылат

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарында жолдорду реконструкциялоо иштери уланууда. 1-апрелден тартып Жаш Гвардия бульварынын Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки түндүк тарабы жабылат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.  

Транспорт кыймылы үчүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки тилке жабылып, түштүк тарабы убактылуу эки багыттуу болот. Курулуш иштерин “ДорСтройГрупп” подрядчы уюму жүргүзөт.

Коомдук транспорт кыймылына өзгөртүү киргизилбей турганы айтылды.

Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландоону жана коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты