Бишкекте Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылат

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 7-апрелден баштап, Жаш Гвардия бульварынын Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки батыш тарабы убактылуу жабылат. Ошондой эле Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн тартып Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү транспорт кыймылы үчүн жабылат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Жаш Гвардия бульварынын Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки  чыгыш тарабында убактылуу эки багыттуу кыймыл уюштурулган.

Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын алдын алуу үчүн каттамыңыздарды алдын-ала пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты